• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Австрия ТИМдеринин ортосунда кезектеги консультациялар өткөрүлдү

Саясат 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Вена шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин ортосунда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери боюнча кезектеги консультациялар болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз делегациясын КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, ал эми Австрия делегациясын Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин Россия, Чыгыш Европа жана Түштүк Кавказ, Чыгыш өнөктөштүгү, Түркия жана Борбордук Азия департаментинин башкы директору Герхард Зайллер жетектеди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар 2022-жылдын 25-мартында Кыргызстан менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы болгонун белгилешти. Ушуга байланыштуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечектүү багыттары талкууланды.

Тактап айтканда, кыргыз-австрия кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошумча түрткү бере турган бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун ыктымалдыгы тууралуу маселелер каралды. Тараптар Кыргызстан менен Австриянын парламенттик достук топторунун ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарабы 2022-жылдын 27-28-сентябрында Бишкек шаарында Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиясынын (ЭКК) кезектеги 8-жыйынын өткөрүүнү жана анын алкагында кыргыз-австрия бизнес-форумунун уюштурууну сунуштады.

Тараптар маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү кызматташуунун олуттуу потенциалын белгилешти. Билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, Кыргызстан менен Австриянын университеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Кыргыз тарап бул максатта Кыргызстанда КР менен Австриянын университеттеринин ректорлорунун конференциясын өткөрүүнү сунуштады. Маданий өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү максатында жана үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын эске алуу менен, кыргыз тарап австрия тарапка Австрияда Кыргызстандын жана Кыргызстанда Австриянын маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштады.

Европа Биримдигинин алкагында өз ара аракеттенүү, БУУнун шайлануучу органдарына бири-биринин талапкерлигине өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине да көңүл бурулду.

Тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий