• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ашыкча кыймылсыз! Шевченко менен Сантосдун көз караштар таймашы өттү — видео

Спорт 0


Бишкек, 09.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко менен бразилиялык Тайла Сантосдун көз караштар таймашы өттү.

Эки мушкер тең көз караштар таймашы учурунда эмоциясын кармап, ашыкча кыймыл жасаган жок.

Шевченко менен Сантосдун беттеши 12-июнда UFC 275 турниринин алкагында Сингапурдагы Singapore Indoor Stadium аренасында өтөт.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 26-сентябрында Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфини утуп, алтынчы ирет чемпиондук курун коргоп калган.

Пикир

Оставить комментарий