• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Барселона" дүйнө жүзү боюнча өзүнүн футболчуларына эң көп акы төлөгөн клуб

Спорт 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. "Барселона" клубу өзүнүн футболчуларына башка клубдарга салыштырмалуу бир кыйла жогору акы төлөйт. Бул тууралуу Sporting Intelligence порталы билдиргенин "Газета.Ru" басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, испаниялык клубдун бир оюнчусунун жылдык орточо айлыгы 12, 285 миллион долларды түзөт.

Футболчуларга жогорку айлык төлөгөн дагы бир клуб мадриддик "Реал" клубу эсептелинет. Ал бир оюнчуга жылына орточо 11,155 миллион доллар төлөйт. Үчүнчү орунда "Ювентус" клубу турат. Ал футболчуга 10,107 миллион доллар төлөйт.

Эскерте кетсек, "Барселона" командасы футбол боюнча Испаниянын биринчилигинин тизмегинде 39 упай менен сап башында турат.

Пикир

Оставить комментарий