• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык 15 балбан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын үчүн күч сынашат — ролик

Спорт 0


Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Эртең, 2-октябрда, Норвегияда спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Осло шаарында өтө турган мелдешке Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан күч сынашат.

Белгилей кетсек, биринчилерден болуп эркин күрөш боюнча мелдештер өтөт.

Курама команда төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:

Эркин күрөш:

1. Улукбек Жолдошбеков - 61 кг;
2. Алибек Осмонов - 65 кг;
3. Эрназар Акматалиев - 70 кг;
4. Арсалан Будажапов - 79 кг;

Кыз-келиндер күрөшү:

1. Айсулуу Тыныбекова - 62 кг;
2. Мээрим Жуманазарова - 68 кг;
3. Айпери Медет кызы - 76 кг;

Грек-рим күрөшү:

1. Сардарбек Конушбаев - 55 кг;
2. Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
3. Калы Сулайманов - 63 кг;
4. Марлен Асикеев - 67 кг;
5. Руслан Царёв - 72 кг;
6. Кайратбек Түгөлбаев - 77 кг;
7. Калидин Асыкеев - 82 кг;
8. Бексултан Махмудов - 97 кг.

Пикир

Оставить комментарий