• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде карыяларга акчалай колдоо көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Баткенде карыяларга акчалай колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүнө карата президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков Баткен шаарындагы 100 жаштан ашкан карыялардан кабар алды. Алгач Улуу Ата мекендик согуштун ардагери, 101 жаштагы Ашир Рахматовдун абалын сурап, аксакалга өкүлдүн куттуктоосун айтып жана акчалай белегин тапшырды. Ошондой эле 100 жаштагы оруктун ардагери Масеит Исаев, 87 жаштагы Урийпа Эргешовалардан кабар алып, майрамдары менен куттуктады.

Жаныбек Исаков өз сөзүндө, сиздердин эмгегиӊиздер менен биз жакшы турмушта жашап жатабыз, акыл насаатыңыздар бизге дем күч берет деп белгиледи. Бул үчүн аларга тереӊ ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, дөөлөтүү карылык каалады.

Карылардын эл аралык күнүнө карата облустагы 100дөн ашкан 21 карыяга өкүлдүн резервдик фондунан акчалай колдоо көрсөтүлдү.

Мындан сырткары, облус боюнча 90 жаштан 99 жашка чейин 66 ардагерге жер-жерлерде жергиликтүү бийлик жана мекеме-ишканалар тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий