• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК төрагасы Базар-Коргон районунун 100 жылдык мааракесине катышты

Аймак 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары Ош жана Жалал-Абад облустарындагы иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районунун 100 жылдыгына арналган мааракеге катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеӊештин атынан район тургундарын маарекеси менен куттуктап: "Бул район - эмгекчил дыйкандардын, акылман инсандардын жана кайратман уул-кыздардын мекени. Бүгүн, өткөрүлүп жаткан иш-чара райондун өткөн тарыхына баам салып, сыймыктануу менен келечегине керектүү максат коюуга өбөлгө болот. Айрыкча, табияты кооз, эли эмгекчил Базар-Коргон районунун мүмкүнчүлүгү кеӊ, жалпы өлкөбүздүн өнүгүшүндө мааниси өтө жогору. Себеби, аймактардагы жетишкендиктер аркылуу мамлекетибиздин экономикасы артып, туруктуу өнүгө алат", - деди.

Ошондой эле, Төрага бир кылымдык тарыхый таржымалга ээ Базар-Коргон району көп улуттар ынтымак менен биримдикте жашаган куттуу аймак экенин белгилеп: "Биз бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгаруу аркылуу бийиктиктерди багынта алабыз. Ал үчүн укук үстөмдүгүнө баш ийип, мыйзамдуулукту бекем сакташыбыз керек. Өзгөчө коррупциялык көрүнүштөргө каршы биргелешип күрөшүүбүз зарыл", - деп кошумчалады.

Президент тарабынан демилгеленген Аймактарды өнүктүрүү жылын утурлай өткөрүлүп жаткан салтанат жакшы ийгиликтердин башаты болсун деген Дастанбек Жумабеков: "Акыркы учурларда мамлекетибизде маанилүү жумуштар жасалып, ири долбоолор ишке ашууда. Алсак, Базар-Коргон районунда мамлекет тарабынан стадион ачылып, жаӊы спорттук жай ишке берилгени турат. Буйруса, ушул стадиондон райондун эле эмес, өлкөнүн намысын коргогон уул-кыздар өсүп чыгат деген ишеничтемин. Бул албетте чек эмес. Мындан ары да маанилүү долбоорлорду ишке ашырып, райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө байланышкан жумуштарды жасашыбыз керек", - деп белгиледи.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон районунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана район тургундары менен меймандары катышты.

Пикир

Оставить комментарий