• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто унга болгон бааны жөнгө салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 26.09.23./Кабар/. Ош шаарында жергиликтүү унга болгон бааны жөнгө салуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Ош шаарынын мэриясында өткөн жумушчу жыйында айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү жана импорттолгон ундун азыркы баасы боюнча маселе талкууланып, бир нече ой-пикирлер айтылып, сунуштар берилди.

Мындан сырткары, атайын жумушчу топ тарабынан шаардын жети аймагында, жергиликтүү өндүрүлгөн унга болгон бааны көзөмөлдөө максатында шаар тургундары, ун өндүрүүчүлөр жана сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча тапшырма берилди.

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, борбордук базардын жетекчилиги катышты.

Пикир

Оставить комментарий