• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Нурланбек Шакиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.09.23./Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстанга расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланды.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирип, муну менен катар Өзбекстандагы конституцияны өзгөртүүгө байланышкан референдумдун жана президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Ошондой эле жолугушууда боордош эки мамлекет ортосундагы байланыштарды бекемдөө, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду.
Анын ичинен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунунун курулушу аталган үч мамлекет үчүн эле эмес, жалпы чөлкөм үчүн маанилүү экени белгиленип, Кыргызстан менен Өзбекстан темир жолдун өз убагында бүткөрүлүшүнө кызыкдар экендиги кошумчаланды.

Мындан сырткары, тараптар эки өлкөнүн алакасынын учурдагы абалына токтолуп, өлкө башчылары жана парламент төрагалары баштаган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин байма-бай жолугушуусу көп маселелердин ийгиликтүү чечилишине өбөлгө түзүп жатканы белгиленди. Алсак, жакынкы эле аралыкта мамлекеттик органдардын жетекчилери алтымыштан ашуун жолугушуу өткөрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий