• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте БОМКА программасынын 10-фазасын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 26.09.23./Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы чек араны башкарууну колдоо программасынын (БОМКА-10) аймактык жетекчиси Марис Доминшь менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы чек ара коопсуздугунун учурдагы абалы, ошондой эле БОМКА программасынын 10-фазасын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Марат Иманкулов белгилегендей, Кыргыз Республикасы коопсуз, бирок ошол эле учурда ачык-айкын жана өтүү үчүн ыңгайлуу мамлекеттик чек араны түзүүгө умтулат. Өз кезегинде БОМКАнын колдоосу менен уюштурулган иш-чаралар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү тарабынан жогору бааланып, ошондой эле тиешелүү адистердин профессионалдык деңгээлин жана тиешелүү бөлүмдөрдүн потенциалын жогорулатууга багытталган.


Маалымат үчүн: ЕБ БОМКА-10 программасынын негизги максаты региондогу коопсуздукту, туруктуулукту жана туруктуу өсүштү жогорулатуу, ошондой эле чек ара кызматташтыгын колдоо жана Борбор Азиянын чек ара аймактарында жашаган калктын жашоо шарттарын жакшыртуу болуп саналат. Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан бенефициар болуп саналат. Программанын борбордук кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий