• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен VI жыйыны өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эки тараптуу делегацияны Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Хакан Фидан жетектеди.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкууланды: Тактап айтканда:

  • эки тараптуу жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу;
  • экономика, соода жана инвестициялар;
  • аскердик-техникалык кызматташтык;
  • билим берүү жана саламаттыкты сактоо;
  • жарандардын укуктарын коргоо жана өз ара сапарлардын жана өлкөдө жүрүү тартибин жөнөкөйлөштүрүү.

Ошондой эле тараптар эл аралык жана региондо болуп жаткан күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча пикир алмашты.

Пикир

Оставить комментарий