• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Ассафа борбору» Баткен облусуна өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуу берди

Аймак 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. «Ассафа борбору» коомдук бирикмеси Баткен облусуна ар тараптуу жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, «Ассафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан берилген баасы 23 миң доллар болгон өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуу, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө орнотулду.

Дарыгерлердин айтымында, облустук ооруканада көп жылдан бери иштетилип келген мындай 9 аппарат бар. Бүгүнкү орнотулган заманбап жабдуу, оорукананын материалдык-техникалык базасын чыңдоого зор салым болду.

«Ассафа борбору” коомдук бирикмеси мындан сырткары дарыгерлер үчүн 150 миң сомго көп жолу колдонулуучу 30 комплект коргонуучу каражаттарды, 400 миң сомго Баткен шаарындагы социалдык шаарчада жашаган 106 үй бүлөгө азык-түлүк жана гигиеналык каражаттарды жардам катары берди.

Пикир

Оставить комментарий