• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда «Милиция жана балдар» акциясы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында «Милиция жана балдар» аталышында масштабдуу акциясы уюштурулду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында облустук милициянын жана шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле кызмат башчылары жолугушууларды өткөрүшүүдө. Ачык диалогдо балдарга, мыйзамдар менен каралган алардын укуктары жана милдеттери конкреттүү үлгүлөрдүн негизинде түшүндүрүлүп берилүүдө. Ошондой эле, окуучулардын көз караштары боюнча жаштар арасында түзүлгөн көйгөйлөр дагы кызуу талкуланып, андан кандай жолдор менен чыгууга болору боюнча да өз пикирлери менен алмашышты.

Кезигүүдө түзүлгөн ишенич мамиледен улам, балдардын өздөрүнүн укуктук негиздерин үйрөнүүгө, жарандык активдүү позициясын түзүүгө кызыгуусун жаратып, анын чөйрөсүнүн өбөлгөсүн түздү. Окуучулар милициянын ишмердүүлүгүнө, мыйзамдардагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө жана башка көптөгөн маселелерге кызыкдар болушту. Өз учурунда, погончон жетекчилер балдарды кызыктырып жаткан көптөгөн суроолоруна жооп берүүгө үлгүрүштү.

“Иш-чаранын негизги максаты – жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо, бардык билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктук маданиятын көтөрүү, балдардын тарбия иштери менен алектенген кызматтар ортосундагы байланышты бекемдөө, адептүү жана ден соолуктары сак болгон жаш муунду тарбиялоого багытталат.

Ал эми, укук бузуулардын алдын алуу – жаш өспүрүмдөр арасындагы тарбия иштеринин негизги багыты болуп саналат. Ошондуктан, жеке эле милиция кызматкерлеринин алдында эмес, мугалимдер жааматынын алдында да, татыктуу жаштарды тарбиялоо милдеттери турат», - деп белгилешти Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинен.

Мындай иш-чаралар облустун бардык окуу жайларында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий