• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында "Кароосуз калгандар" аталыштагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Нарын шаарынын аймагында 23-24-25-март күндөрү киргизилген "Кароосуз калгандар" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп, иш-чаранын жүрүшүндө балдар иштери боюнча инспекторлор шаардын ичиндеги соода- түйүндөрдү, интернет клубдарды жана жер төлөөлөрдү текшеришти.

Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, базарда соода-сатык кылып иштеп жаткан өспүрүмдөр аныкталып, ата -энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Нарын шаарынын аймагында кечки рейддер уюштурулуп, көчөдө максатсыз жүргөн жаш өспүрүмдөр Нарын ШИИБнө алынып келинип, оозеки эскертилип, ата-энелерине тил кат менен өткөрүлүп берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энеси дайынсыз болуп, эки баласы кароосуз калган балдар аныкталып, натыйжада туугандарына камкорчу катары өткөзүлүп берилип, бул өспүрүмдөр аз камсыз болгон үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгондуктан Нарын ШИИБнин кызматкерлери тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле кечкисин кафе, ресторандарда иштеген балдарды аныктоо максатында иштер алынып барылып, натыйжасында 4 жаш өспүрүмдүн иштеп жаткандыгы аныкталып, аларга карата акт түзүлүп, кафе, ресторандардын администраторлоруна эскертүү берилип, Нарын шаардык прокуратурасына чара көрүү үчүн сунуш каттар жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий