• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоңдо "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 61 үй-бүлөгө сертификат берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 61 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова тапшырды.

Министрдин орун басары өткөн жылы социалдык контракт сыяктуу активдүү чаралардын аркасында жумушсуздардын саны 5%га кыскаргандыгын билдирди.

"Муктаж үй-бүлөлөр жеке ишкерлер категориясына өтүп, кирешелүү бизнес ачып, өздөрүнүн жыргалчылыгын жогорулатууда. Быйыл 10 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзүүдө. Үч жылдын ичинде алардын саны 26 миң үй-бүлөгө жеткирилет", - деп белгиледи Жылдыз Полотова.

Анын айтымында, мамлекет менен социалдык келишим түзгөндөр окуудан жана эки этаптуу тандоодон өтүшөт. Тиешелүү ведомство жана жергиликтүү бийлик тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланылышына туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, "Социалдык келишим” долбоору президенттин демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий