• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Ош облусунда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмам сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан райондордун борбордук базарларынын ичинде соода сатык жасаган жарандарга өрт коопсуздук эрежелерин сактоону жана атайын унаа өтүүчү жолдорго чейин чыгып соода сатык жасагандарга жолго чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай иш-аракеттер ӨКМ тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий