• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Майрамдык салтанатка Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлер катышты.

Эрнисбек Ормоков жана Нуртилек Орозбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жигердүү салым кошкон кызматкерлерге Ардак грамоталарды тапшырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-июнь күнү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий