• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө абал: Ошто коменданттык саатты бузган 10 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Ошто коменданттык саатты бузган 10 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, кармалгандар ИИМдин райондук бөлүмдөрүнө жеткирилген.

"Коменданттык сааттын эрежелерин бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кое берилди", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 1-апрелге караган түнү Бишкекте 119 жаран коменданттык саатты бузган.

31-мартка карата Кыргызстанда 107 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00-07:00гө чейин коменданттык саат белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий