• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто адам сатууга каршы күрөшүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин “2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү программасы жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул багытта аткарылып жаткан иштер боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, шаардык билим берүү башкармалыгынын, шаардык эмгек, социалдык коргоо жана миграция бөлүмүнүн, ошондой эле “Благодать” коомдук фондунун өкүлдөрү тарабынан тиешелүү маалыматтар берилди.

Жыйында тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрүнө адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча зарыл болгон профилактикалык иш-чараларды күчөтүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, Координациялык кеңештин курамына Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын, Чек ара жана Бажы кызматтарынын, Акыйкатчы институтунун, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын жана башка тиешелүү мекеме, ведомстволордун кызматкерлери кирди.

Пикир

Оставить комментарий