• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунда өрттүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 17 пайызга азайган

Аймак 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/.Ош облусунда өрттүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 17 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6 ай ичинде Ош облусунун аймагында 132 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык чыгым 24 млн 517 миң 736 сомду түзгөн. Ал эми 2019-жылдын 6 ай ичинде 159 өрт кырсыгы катталган, анын келтирилген материалдык чыгымы 11 млн 924 миң 624 сомду түзгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы 17%га азайган, бирок өрттөн келтирилген материалдык чыгым 100%га көбөйгөн. 2020-жылдын 6 айы ичинде өздүк курамдын күчү менен 33 млн 382 миң 500 сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында 2 адам каза болсо, ал эми 2019-жылдын 6 айы ичинде да 2 адам каза болгон.

Өрттүн негизги себептери:

-Электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 23,4%;
-Мештерди жана морлорду колдонуу эрежелеринин бузулушунан - 21,6%;
-Отко этиятсыздык мамиле кылуудан - 7,2%;
-Балдардын от менен ойноосунан - 5,4%.

Болуп өткөн өрттүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:
-Кара-Суу району - 43;
-Өзгөн районунда - 27;
-Ноокат районунда - 19;
-Араван районунунда - 16;
-Кара-Кулжа районунунда - 11;
-Алай районунунда - 10;
-Чоң-Алай районунда - 6.

Пикир

Оставить комментарий