• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте театр алдында муз тебүү аянты ачылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. 7-январда Ташкенттеги Алишер Навои атындагы академиялык театрда ачык асман алдында муз тебүү аянты ачылат.

Туризмди өнүктүрүү комитетинин билдиришинче, долбоор калк арасында спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында ишке ашууда.

Муз аянтынын ачылышына көркөм муз тебүү боюнча Олимпиада чемпиону Алексей Ягудин “Кыш” аттуу автордук программасы менен келери күтүлүүдө. Мындан тышкары өзбек эстрада артисттери да концерт коюшат.

Муз тебүү аянты бир ай иш алып барат. Бул убакыт аралыгында ал жерде маданий, көңүл ачуучу жана спорттук иш-чаралар өтөт.

Пикир

Оставить комментарий