• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 328 учур катталды. Жалпы 89 миң 355

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 89 миң 355 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 328 жаңы учур катталды.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 85 миң 976 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 645 бейтап каза болду.

Учурда 2 миң 734 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 238 бейтап оор абалда, ал эми 113 адам өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда калкты коронавируска каршы эмдөө жүрүүдө. Учурда жарым миллиондон ашуун адам эмделди.

Пикир

Оставить комментарий