• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вакцина препараттарын ташуу үчүн Кыргызстанга 8 авторефрижератор келди

Ден соолук 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-мартта Кыргызстанга гуманитардык жардам катары келген вакцина препараттарын ташуу үчүн 8 авторефрижератор жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Транспорттук каражаттар вакцина жана иммундаштыруу боюнча Глобалдык альянс (ВИГА) тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин ченемдик документтерине ылайык сатылып алынган.

Бөлүштүрүү планына ылайык, транспорттук каражаттар Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн 7 облустук борборуна бөлүштүрүлөт жана бир автоунаа Улуттук иммунопрофилактика борборуна берилет. Авторефрижераторлор вакцина препараттарын + 2, + 80 градус температурада ташууга арналган.

Маалымат үчүн:

ВИГА альянсы Кыргызстандын өкмөтүнө 2001-жылдан бери накталай каражаттардын жардамы менен бир катар программалар боюнча, анын ичинде иммундаштыруу кызматтарына көмөктөшүү, коопсуз инъекцияны колдоо, вакцинаны жайылтуу үчүн грант берүү жана Саламаттык сактоо системаларын чыңдоо (ССЧ) боюнча колдоо көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий