Т.Батыралиев: “ДСУ Саламаттыкты сактоо министрлигине электрондук саламаттыкты сактоону жайылтууга каражат бөлгөн эмес”

Ден соолук 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев депутат Абдывахап Нурбаевдин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) ведомствого электрондук саламаттыкты сактоону жайылтууга каражат бөлгөн деген билдирүүсүн жокко чыгарды.

Эскерте кетсек, бүгүн парламенттин жыйынында эл өкүлү А.Нурбаев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2 жыл мурда биздин Саламаттыкты сактоо министрлигине электрондук саламаттыкты сактоону жайылтууга каражат бөлгөндүгүн билдирген. “Бирок, ССМ аны колдоно албай жатат”,-деген ал.

Министр Т.Батыралиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, чындыгында дары-дармектер жана медициналык каражаттардын улуттук автоматташтырылган базасы жана электрондук саламаттыкты сактоону киргизүү ар түрдүү булактардын донордук каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.

“Биз бул каражаттарды өзүбүз издеп жатабыз. Депутаттын маалыматы туура эмес. Ал Дүйнөлүк банкты айтып жаткан болушу мүмкүн, анткени биз ушул уюм менен иштешебиз. Негизи электрондук саламаттыкты сактоо 10 жыл мурда башталган, бирок ал иш жүзүндө 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Дары-дармектердин электрондук маалымат базасына маалымат киргизүүдө чоң көйгөйлөр жаралды. Анткени, кызыктар тараптар абдан көп болду. Анын үстүнө бир жарым жылдын ичинде өлкөнүн президентинин колдоосу менен биз токтом кабыл алып, системаны киргизүү боюнча иш-чаралар планын бекиттик. Негизинен буга 5 жылдай убакыт кетет, бирок биз долбоорду эртерээк ишке ашырып жатабыз”,-деди ал.

Ошондой эле, ССМ башчысы электрондук саламаттыкты сактоо өлкөнүн ооруканаларына акырындан киргизилип жатат деп билдирди.

“Бишкектеги №2 поликлиникага байланыштуу айта турган болсом, бул жерге чехиялык вариант тест түрүндө киргизилген. Биз ар түрдүү варианттарды карап жатабыз, анын ичинде эстониялык, түркиялык, россиялык, казакстандык варианттар бар. Кайсыл жакшы болсо ошону киргизебиз. Электрондук саламаттыкты сактоо Ысык-Көл облустук ооруканасында, Ош балдар ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Жайыл райондук ооруканасында бар, андан тышкары Ноокат райондук жана Баткен облустук ооруканаларына жайылтуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндөгү кемчилик катары Саламаттыкты сактоо министрлигинин түзүмүндө бир дагы жогорку квалификациялуу IT-адистин жоктугун айтаар элем. Мен аймактар тууралуу айткан жокмун. Андай адамдар аз айлыкка иштөөдөн баш тартышат экен”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий