• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында унду байытуу маселесин көтөрүүсү керек – ЖК депутаты

Коом 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдиктин алкагында унду байытуу маселесин көтөрүүсү керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйнында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Ал белгилегендей, өлкөгө Казакстан жана Россиядан ундар алынып келип жатат. “Алынып келип жаткан ундардын басымдуу бөлүгү байытылбаган ун. Бул өз кезегинде жүрөк тешиги менен төрөлүп жаткан балдардын санынын көбөйүүсүнө алып келүүдө. Биз бул маселени жогорку деңгээлде чечишибиз керек. Улуттун саламаттыгын сактоо – мамлекеттин колунда. Азыркы учурда ЕАЭБдин деңгээлинде ата мекендик базарды байытылбаган ундарды ташып келүүдөн коргоо тууралуу маселе курч турат. Биз муну көтөрүшүбүз керек”,-деди О.Артыкбаев.

Ошондой эле, депутат өлкөнүн калкынын көпчүлүк бөлүгү байытылбаган унду колдонуусунун себеби – маалыматтын жоктугунада деп белгиледи. “Биздин коом байытылбаган унду колдонуу эмнеге алып келерин билишпейт. Байытылган жана байытылбаган ундун ортосундагы баада айырмачылык жок”,-деди эл өкүлү.

Мындан тышкары, анын айтымында, байытылган ундун кабынын сыртында “байытылган ундун кызыл белгиси” аттуу белги болот. Ошондуктан базарда байытылган унду байытылбаган ундан айырмалоо жеңил эле.

Пикир

Оставить комментарий