• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Ак калпак күнү 3-мартта салтанаттуу иш-чара менен белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Кыргыз Ак калпагынын күнүнө карата 3-мартта саат 11:00дө кыргыз калпагына арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылына арналган иш-чарада ар түрдүү тигилген жана ар кандай багыттагы кыргыз уз айымдары даярдаган калпактар көрсөтүлөт. Калпактар келгендерге сунушталып, музей кызматкерлери өз кезегинде катышуучуларды кыргыз калпагынын тарыхы менен тааныштырып, эл ичиндеги уламыштарды баяндап беришет. Бул күнү музейге Бишкек шаарынын №62чи жана №19чу мектептеринин окуучулары, И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери жана аскер кызматкерлери катышышат.

Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.

Пикир

Оставить комментарий