• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дүйнөлүк балеттин шедеврлери — Бишкекте эл аралык фестиваль өтөт

Маданият 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Бишкекте үч күн бою "Дүйнөлүк балеттин шедеврлери" аталышындагы эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында фестивалдын уюштуруучуларынын бири, КР эмгек сиңирген артисти Досмат Садыркулов билдирди.

Анын айтымында, маданий иш-чара КР эл артисти, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Уран Сарбагышевдин 90 жылдыгына арналат.

Фестиваль 18-20-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот. Башталашы саат 18:00. Билеттер театрдын кассасында жана ticket.kg сайтында сатылууда.

Анда көрүүчүлөр А.Хачатуряндын "Спартак", П.Чайковскийдин "Ак куу көлү" спектаклдерин жана Казакстан, Россия, Япония, Кыргызстандын балет жылдыздарынын гала-концертине күбө болушмакчы.

Ошондой эле фестивалдын аянтчасында балет артисттери кесиптештери менен биргеликте өз өнөрлөрүн бөлүшүүгө жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Мындан сырткары бул иш-чара маданий туризмди өнүктүрүүгө жана жаш таланттарды колдоого түрткү берет.

Пикир

Оставить комментарий