• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин мэри орун басарынын кармалышы боюнча үн катты

Коом 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев бүгүн маалымат жыйындын жүрүшүндө вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун кармалышы боюнча комментарий берди.

Анын айтуусуна караганда, бардык иштер ал аким болуп турган кезде жасалган.

"Бул иштердин баары мен келгенге чейин жасалыптыр. Эч нерсе дей албайм, соттун чечимин гана күтүшүбүз керек. Бирок ар бир мамлекеттик, муниципалдык кызмат таза жана ачык иштери керектигин баса белгилегим келет", - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалагандыгы үчүн кармалып, бир айлык мөөнөткө тергөө абагына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий