• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

BuzzFeed: Кыргызстанга келүү үчүн 25 себеп

Коом 0

Бишкек, 20.03.18. /Кабар/. Америкалык BuzzFed интернет маалымат медиа-компаниясы “Кыргызстанга келүү үчүн 25 себеп” аталыштагы материалында Кыргызстан Борбор Азиядагы кичинекей өлкө, бирок бул туристтер үчун кызыктуу эмес дегенде туюндурбайт деп жазган.

“Кыргызстандын көп бөлүгүн тоолор курчап турат, репсбликада бардыгы болуп болгону 7 чоң шаар бар. Кыргызстандын айлана-чөйрөсү укмуштуудай кооз, көптөгөн тарыхый эстеиктер, өзгөчө маданияты жана салттары”,-деп жазат басылма.

Мына дал ошол Кыргызстанда келүү үчүн 25 себеп.

Сиздер........

1.Ат минсе болот

2.Бишкекте музейге барып, Совет мезгилинде салынган курулуштарга күбө боло аласыз.

3.Кыргыздын улуттук үйү – боз үйдө көрүү

4. Бурана мунарасына саякат жасоо - IX кылымдын курулушу

5.Жети-Өгүз капчыгайынын кооздугуна суктануу

6.Керемет Ысык-Көлгө ажайып кооз күндөрдү өткөрүү

7.Чындыгында эле тарыхый шаарга айланган Караколго барып, тарыхый мааниге ээ болгон курулуштарга күбө болуу

8.Тоо лыжа базасына барып, лыжа тебүү

9.Кыргызстанда жашаган элдердин маданияты жана салты менен таанышуу

10.Ала-Арча капчыгайынын кооздугуна маашырлануу

11.Таш-Рабат

12.Кыргызстандагы эң кооз болгон Сары-Челек көлүнө баруу

13.М.Фрунзе атындагы музейге баруу

14. Ысык-Көл көлүнүн түштүк-чыгышында жайгашкан ыйык Манжалы-Атага баруу

15.Тураа-Суу

16.”Жомок” каньондору

17.Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын көрарманы болуу чоң бакыт

18.Каракол өрөөнүндө орун алган абдан кооз Ала-Көл көлүнө сапар тартуу

19.Бүркүттү көрүп гана тим болбостон, чыныгы кыргыздардай боуп менгенчилик кылуу да өзүнчө бир ырахат

20.Абдан даамды кыргыздын улуттук даамын татып көрүү

21.Кыргызстандагы экинчи чоң шаар болгон – Ошко бир барып келүү

22. Сулайман-Тоо-ыйык жер, тоонун үстүндөгү музейди бир көрүп кайтуу

23.Комуздун элжиреткен мукам үнүн угуу – улуттук музыкалык аспап

24.Курманжан Датка тууралуу маалымат алуу

25. Уламыштар жана баяндар тууралуу көбүрөөк билүү - бул элдин тарыхын билүү сиз үчүн абдан кызыктуу болот

Пикир

Оставить комментарий