• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 61 жаштагы адамды сүзүп кеткен айдоочу аял кармалды

Коом 0


Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. Бишкекте 61 жаштагы адамды сүзүп кеткен айдоочу аял кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда болжол менен саат 10:10до айдоочу белгисиз унаа менен Исанов көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып, Чүй көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган.

Жол кырсыгынын натыйжасында 61 жаштагы С.Т. аттуу жаран жаракат алып, Улуттук госпиталга жаткырылган.

Аталган факты боюнча кайгуул кызматынын издөө бөлүмү Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаанын 38 жаштагы Ж.А. аттуу айдоочусун (аял киши) кармашкан. Ал Бишкек милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий