• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмгек министрлиги жакырчылыкка каршы күрөшүүдө активдүү чараларды колдонууга ниеттенүүдө - Базарбаев

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бүткүл республика боюнча жакырчылыкка каршы күрөшүүдө активдүү чараларды колдонууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу эмгек министри Кудайберген Базарбаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан социалдык кызматкерлердин республикалык жыйынында билдирди.

"Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Нарын облусунун Жумгал районунда эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте пилоттук долбоорлор ишке ашырылып, анда жөлөк пул алуучулардын арасында 100 миң сом грант алуу үчүн бизнес идеялар конкурсу өткөрүлдү. Тандоо комиссиялары 100 үй-бүлөнү тандап алды жана алдын ала маалыматтар боюнча жыйынтыгы жакшы.

Жөлөк пулдардан баш тартып, грант алуучулар тигүү аппараттарын, мал, газ ширетүүчү жабдууларды, автомобилдерди, кондитердик азыктарды өндүрүү үчүн жабдууларды сатып алышты. Эми биз бул системаны бүткүл өлкө боюнча жайылтышыбыз керек", - деди министр.

Министр ошондой эле активдүү чаралар катары азыркы учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө аларды акысыз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн күн батареяларын берүү мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыгын, ошондой эле мамлекет тарабынан ашыкча электр энергиясын сатып алуу каралгандыгын айтты.

Кеңешмеде акыркы 6 айда министрликтин ишинин оң динамикасы белгиленди. 2021-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык социалдык мекемелерде кароосуз калган майып балдардын жана чоңдордун тамактануусуна карата нормалар 100 пайызга жогорулатылды. Бул норма акыркы жолу 2014-жылы гана кайра каралган.

Мындан тышкары, этап-этабы менен (1-октябрь, 1-январь) социалдык жөлөкпулдардын көлөмү 100 жана 200 пайызга көбөйтүлдү. Мисалы, эгерде майыптыгы бар балдар мурда 4000 сом өлчөмүндө жөлөк пул алышса, азыр алардын жөлөкпулу 8000 сомду түзөт.

Аз камсыз болгон жөлөк пул алуучуларга электр энергиясынын тарифи төмөндөтүлдү.

"1-апрелден тартып КР президенти Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча биздин министрликтин системасында иштеген 2 миң 850 мамлекеттик эмес кызматкердин эмгек акысы орточо 50 пайыздан 100 пайызга чейин көбөйдү.

Эмгек акынын жогорулашынын айрым мисалдарын келтирейин. Аламүдүн районунда социалдык кызматкер Г.А. Карабекова көп жылдан бери иштеп келет, учурда анын тапкан маянасы 7 миң 345 сомду түзөт. 2022-жылдын 1-апрелинин тартып анын эмгек акысы 100 пайызга көбөйөт жана ал 14 мин 651 сом ала баштайт.

Дагы бир мисал, көп жылдар бою көз оорулары боюнча Республикалык медициналык социалдык экспертиза мекемесинде дарыгер Э.А. Орозбекова иштейт, ал бүгүнкү күнгө чейин 11 636 сом алат, эми анын эмгек акысы 22 745 сомду түзөт.

Эмгек акы ар бир кызматкер үчүн өзүнчө эсептелет. Башкача айтканда, базалык маянага иштеген жылдарын, ишинин өзгөчөлүктөрүн, оордугун, бийик тоолуу жерлерде жашашын эске алуу менен кошумча үстөк акылар жана компенсациялык төлөөлөр кошулат. Жалпысынан эмгек акыны көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча 250 миллион сом бөлүнөт", - деди Базарбаев.

Пикир

Оставить комментарий