• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ИИМ жарандарды чек арага байланыштуу жалган маалымат таратпоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов "Кабар" агенттигинде өткөн брифингде жарандарды чек арага байланыштуу такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Анын айтымында, учурда куралдуу кагылышуу катталган аймактарда чыр-чатактарды алдын алуу, чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо, эвакуация болгон жарандардын мүлкүнө карата уурулук жана талап-тоноочулукка каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

“Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин негизги милдети жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ар бир кайрылган жаранга өз ыйгарым укуктарынын чегинде жардам көрсөтүү, арыздарды жана кайрылууларды кабыл алуу, ордунан чечилчү маселелерин чечүү болуп саналат”, - деди ал.

Ал белгилегендей, азыркы учурда интернет булактарында чек арага байланыштуу көптөгөн маалыматтар тарап, анын кесепетинен кырдаал курчуп кетүү коркунучу жаралып жатат.

"Ошондуктан биз жарандарды такталган гана маалыматтарга ишенүүнү суранабыз. Ал эми социалдык тармактарда абалды курчутууга жол берген билдирүүлөрдү таратуудан оолак болууга чакырабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий