• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин көчөлөрүнө 16 жол чырак орнотулду

Коом 0

Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. Бишкектин көчөлөрүнө 16 жол чырак орнотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 14 транспорттук жана 2 жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак орнотулган. Анын 10у пайдаланууга берилди.

Белгилей кетсек, жол чырактар шаардык бюджеттин каражатына орнотулду.

Жаңы жол чырактар төмөндөгү кесилиштерге орнотулган:

1.Үсөнбаев - М. Күрөңкеев көчөлөрүнө;
2.Ахунбаев - Тагай Бий көчөлөрүнө;
3.Киев - К. Акиев көчөлөрүнө;
4.Москва - К. Акиев көчөлөрүнө;
5.Осмонкул - Күрөңкеев көчөлөрүнө;
6.Садырбаев - Кара Коо көчөлөрүнө;
7.Фучик - С. Лазо көчөлөрүнө, №54 Орто мектеп (жөө жүрүүчү);
8.Садырбаев - Матисаков көчөлөрүнө (магистральная);
9.М. Горький - К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
10.Чүй проспект - К. Акиев көчөсү;
11. Профессор Зима - Баялинов көчөлөрүнө, №75 Орто мектеп

Учурда төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштеринде 4 транспорттук жана 1 жөө жүргүнчү жол чырагын пайдаланууга берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө:

1.Л.Толстой - М. Достоевский көчөлөрүнө;
2.Үмөталиев - Жибек – Жолу көчөлөрүнө;
3.Ахунбаев – Шералиев көчөлөрүнө;
4.Байтик Баатыр көчөсү 8 жана 9-кичирайондорунда ортосуна (жөө жүрүүчү);
5.Медеров - К. Тыныстанов көчөлөрүнө.

Мындан тышкары, Транспорт департаменти төмөнкү кесилиштерде 7 транспорттук жол чырак курууга конкурс жарыялады:

1.Шералиев-Күйүков көчөлөрүнө;
2.Сухэ-Батор -7-Апрель көчөлөрүнө;
3.Салиева - Буденный көчөлөрүнө;
4.Манас - Кокчетавский көчөлөрүнө;
5.Профсоюзная – Бородина көчөлөрүнө;
6.И. Ахунбаев - К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
7.Л. Толстой - М. Ауэзов көчөлөрүнө.

Аталган көчөлөрдө жол чырактар орнотулуп, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий