• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР жарандарын Германияда мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын ишке орноштуруу Федералдык агенттигинин ортосунда Германияда кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу жаатында өз ара аракеттенүү меморандумуна кол коюлду.

Министрликтен билдиришкендей, меморандум тышкы эмгек рыногун диверсификациялоого мүмкүндүк берип, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтет жана бекемдейт.

"Тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө өз ара маалымат алмашуу үчүн КР министрлер кабинети менен Германиянын федералдык өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы горизонттору түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Германиянын ишке орноштуруу Федералдык агенттигинин делегациясы билим берүү жана илим министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз-Герман техникалык институтунун, кыргыз-герман колдонмо информатика институтунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий