• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"COVID-19суз саякаттоо" тиркемесинин иштөө тартиби жана артыкчылыгы

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Кыргызстандыктар "COVID-19суз саякаттоо" тиркемесин кандай колдоно алары тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен айтып беришти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиевдин айтымында, 1-марттан тарта Кыргызстан "COVID-19суз саякаттоо" санарип платформасына кошулган.

“Учурда аталган маалымат тутумуна Беларусь, Армения жана Россия кошулган. Мындан кийин бул өлкөлөргө чыгуу үчүн негиздеме талап кылбоосу үчүн тиркемени көчүрүп алуу керек. 20-апрелге карата платформага Кыргызстандын 2 мамлекеттик 4 жеке лаборатория кошулган”, - дейт ал.

Жангазиев кошумчалагандай, COVID-19га тапшырган ПЧР-тесттин натыйжасын алуу үчүн колдонуучу App Store же Google Play'ден "COVID-19суз саякаттоо" тиркемесин жүктөйт.

“Тиркеме колдонуучуга COVID-19га тест тапшыра турган жакынкы лабораторияларды көрсөтөт. Лабораторияга барганда колдонуучу анализдин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниети жөнүндө билдириши керек. Бул учурда, колдонуучуга жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана мобилдик тиркемеде натыйжаларды алуу үчүн макулдук баракчасы берилет. Макулдук баракчасындагы QR кодду колдонуучу мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеши керек. Андан ары, тесттин жыйынтыгы даяр болгондо, колдонуучу тестирлөөнүн натыйжасын QR код түрүндө алат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий