• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кудайберген Базарбаев: Кыргызстанда жумуш орундарынын тартыштыгы жок

Коом 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда жумуш орундарынын тартыштыгы жок. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбев журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда эмгек рыногу жакшы жакка өзгөрдү, аны менен катар жаңы адистиктер боюнча бош орундар дагы көбөйдү.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жумуш орундарынын жетишсиздиги жок. Тескерисинче кесипкөй жумушсулар жетишпейт. Ишканалар бизге чет элдик адистерди тартууга квоталарды көбөйтүү өтүнүчү менен кайрыла баштады. Бирок, албетте, биз жарандарыбызды максималдуу түрдө иш менен камсыз кылуунун үстундө иштеп жатабыз", - деди Базарбаев.

Пикир

Оставить комментарий