• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министри суроо-талапка ээ болгон кесиптерди тизмектеди

Коом 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда айыл чарба, балык чарба, курулуш, соода жана автоунаа оңдоо жаатындагы кесиптер актуалдуу болууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жогоруда аталган адистиктерден тышкары дагы башка тармактар ​​бар, министрлик аларды өнүктүрүүгө министрлик өзгөчө көңүл бурууда.

"Биз Кыргызстанда жашап, бирок чет өлкөлүк компанияларга иштеген программисттерди колдоо багытында эл аралык уюмдар менен иштеп жатабыз. Учурда бул жаатта көптөгөн адистер иштеп жатат, биз бул тармактын өнүгүшү үчүн аракет кылуудабыз», - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий