• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Аламүдүн базарынын айланасы мыйзамсыз жарнамалардан тазаланууда

Коом 0

Бишкек, 28.09.23./Кабар/. Бишкектин Будённый, Муса Жалил, Курманжан Датка көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде, тактап айтканда, Аламүдүн базарынын айланасында жарнама конструкцияларын алуу иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштин жүрүшүндө кызыл сызыктан чыгып кеткен соода объектилеринин 21 чатыры демонтаждалган. Ошондой эле 82 баннер алынды. Мындан тышкары, муниципалдык аймакты туура эмес пайдалануу жана уруксат берүүчү документтери жок жарнамалык конструкцияларды орнотуу боюнча 3 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, ишти мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын, Свердлов районунун акимчилигинин, №18 МАБдын жана "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүүдө.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий