• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия оюндары: Авазбек Аманбеков ушу-саньда боюнча коло медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 28.09.23./Кабар/. Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Авазбек Аманбеков Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу 56 кг салмак категориясында беттешти.

Аманбеков Авазбек алгач непалдык спортчуну 2:0 эсебинде, чейрек финалда таиланддык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеш Аманбековдун филиппиндик спортчуга 2:0 жеңилүүсү менен аяктады.

Белгилей кетсек, бул байге кыргыз ушу саньда тарыхында спортчулардын жайкы Азия оюндарындарындагы алгачкы медалы болду.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкө катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. Спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий