• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда акыркы суткада 1 миң 248 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 248 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 413, Алматы шаарында - 117, Шымкент шаарында – 64, Акмоло облусунда - 32 Актөбе облусунда - 32, Алматы облусунда - 28, Атырау облусунда - 50, Чыгыш-Казакстан облусунда – 70, Жамбыл облусунда – 24, Батыш-Казакстан облусунда - 88, Караганда облусунда - 146, Костанай облусунда - 30, Кызылорда облусунда - 28, Мангистау облусунда - 46, Павлодар облусунда - 46, Түндүк-Казакстан облусунда - 13, Түркестан облусунда – 21 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 411 миң 771 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий