• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облустук милициясы алты айдын жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 2023-жылдын 6 айында аткарылган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кеңешмеде облус аймагында милиция тарабынан аткарылган жумуштар жана кетирилген кемчиликтер талкууланып, видеоролик көрсөтүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов облус аймагында президенттин жарлыктары, министрлер кабинетинин талаптары милиция тарабынан толук кандуу аткарылышы керектигин белгиледи.

Ошондой эле ал кылмыштуулук жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган профилактика иштерин күчөтүүнү, санариптештирүү иштерин колго алууну, мыйзамдуулукту сактоону, кызматтык тартипти бузбоону талап кылды.

Ыкчам кеңешменин соңунда кызматтык милдеттерин толук аткарбаган бир катар кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлүп, кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмасы коюлду.

Жарым жылдын жыйынтыгы чыгарган кеңешмеге Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов, ОИИБдин бөлүм жана кызмат жетекчилери, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн башчылары катышты.

Пикир

Оставить комментарий