• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Манас" аэропорту жарым жылда 2,5 миллиондон ашуун жүргүнчүнү тейледи

Коом 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 6 айында "Манас" эл аралык аэропорту 2 млн 500 миң 522 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аэропорттун маалыат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 12,6% көбөйгөн. Анын ичинен 1 млн 785 миң 621 киши эл аралык каттамдардын жүргүнчүсү, 714 миң 901 ички каттамдардын жүргүнчүсү болгон.

Ошондой эле жарым жыл ичинде 19 миң 493 каттам ишке ашырылды, бул 2022-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 2,5% көбүрөөк. Аба каттамдарынын 13 миң 801и – эл аралык, ал эми 5 миң 692си – ички каттамдар.

Аэропорттор боюнча статистика:

- Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропорту 11 миң 90 каттамды тейледи. Анын ичинен 8 миң 237 – эл аралык, 2 миң 853 – ички каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 млн 328 миң 821 кишини түздү: 970 миң 113 – эл аралык, 358 миң 708 – ички каттамдар.

- "Манас" аэропортунун Ош шаарындагы филиалы 8 миң 111 авиакаттамды тейледи. Анын ичинен 5 миң 359 – эл аралык, 2 миң 752 – ички каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 млн 149 миң 624 кишини түздү. 793 миң 758 жүргүнчү эл аралык багыттарга, 355 миң 866 ички каттамдарга туура келет.

- "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 292 каттамды тейледи: 205 эл аралык жана 87 - ички. Жүргүнчүлөр агымы 22 миң 077 кишини түздү. Алардын 21 миң 750 – эл аралык, ал эми 327 – ички багыттардан.

Пикир

Оставить комментарий