• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тез бузулуучу азыктарды экспорттоодо көйгөй болбошу керек - Боронов

Коом 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Тез бузулуучу азыктарды экспорттоодо көйгөйлөр болбошу керек. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында КР премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында. карантин учурунда дагы эч кандай тоскоолдуктар болгон жок жана экспорт үчүн максималдуу шарттар түзүлгөн.

“Эгер көйгөй жаралса, жардам берүүгө даярбыз. Эч кандай тоскоолдуктар жок. ЕАЭБ алкагында коңшу мамлекеттер менен мындай макулдашуулар бар, бардык өлкөлөр туура түшүнүү менен кабыл алган”, - деди ал.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-кытай чек арасында темир жол аркылуу жүк ташуу иштеп жатат.

“Ошондой эле Эркечтам” өткөрүү пункту кабыл алынган алгоритмдин негизинде иш алып барууда”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий