• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Тарыхтан калган элестер” — Ош шаарында 17 айкел орнотулат

Аймак 0


Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Ош шаарында 31-августка чейин "Тарыхтан калган элестер” аттуу 17 айкел орнотулат. Аларды 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата уюштурулган республикалык сынакта жеңишке ээ болгон айкелчилер жаратууда.

Белгилей кетсек, кыргыз элинин байыртан келе жаткан тарыхый-маданий мурасын жогорку чеберчилик менен чагылдырган айкелдер, Ош шаарына эстеликке калтыруу, улут мурасын жана айкелчилердин эмгектерин даңазалоо максатында жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий