• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тогуз-Торо районундагы кооптуу болгон дарыя жээги бекемделди

Аймак 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылындагы Көк-Ирим суусунун сол жээгинин 100 метр аралыгы бекемделди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумуш ӨКМдин кызматкерлери тарабынан аткарылып, керектелүүчү күйүүчү май жана атайын техникалар тартылган. Жыйынтыгында Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылынын сугат суу менен камсыз кылган каналга болгон кооптуулук жоюлуп, турак жай куруу үчүн трансформациялоого берилген 40 гектар жер аянты суу ташкынынан корголот.

Тогуз-Торо районунун аймагында дарыя жээктерин бекемдөөгө төрт обьект бекитилип, бирөөсүндө жумуш толук аяктады.

Пикир

Оставить комментарий