• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад — Наманган кызматташтыгынын жаңы деми

Аймак 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 30-мартында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган делегация Наманган облусуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкерлерден куралган топту "Маданият" өткөрмө бекетинен салтанаттуу тосуп алышты. Андан ары жолугушуу Наманган облусунун башчысы Шавкатжон Абдуразаков, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, аксакалдар жана облустагы Кыргыз маданий борборунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңири форматта уланды.

Мында Жалал-Абад жана Наманган областтарынын ар тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү, өлкө башчыларынын жолугушуусунан кийин кабыл алынган Жол картасында көрсөтүлгөн соода-экономикалык, маданият, туризм жана чек ара бекеттерин ачуу, эки элдин карым-катнашын бекемдөө маселелери талкууланды.

Жолугушууда өткөн жылы Наманган облусу Кыргызстанга 102 миллион доллардык товар экспорттогону, бул жалпы көрсөткүчтүн 25 пайызын түзгөнү айтылды.

Жалал-Абад облусунун башчысы намангандыктардын жылуу кабыл алуусуна ыраазычылыгын билдирип, өз сөзүндө эки тараптын кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлгөнүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий