• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тамчыда мөндүр аралаш жамгыр жаап, "Ысык-Көл" аэропортун суу каптады

Аймак 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Тамчы айылында 6-июлда мөндүр аралаш жамгыр жаап, "Ысык-Көл" аэропортун суу каптады.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мөндүр саркынды суулар агуучу түтүктөрдү жаап калып, натыйжада "Ысык-Көл" аэропортунун жүргүнчүлөрдү каттоочу бөлүгүн суу каптап кеткен.

Түзүлгөн кырдаал 30 мүнөттүн ичинде чечилген, ал эми аэропорт штаттык режимде иштеп жатат, каттамдарда кечигүүлөр болгон жок.

"Манас" аэропортунан кошумчалашкандай, чатырынан суу аккан имарат 2006-жылы курулган. "Келечекте мындай окуялар болбошу үчүн ушул айда "Ысык-Көл" аэропортуна жаңы аэробекетке капсула салынып, курулуш иштери жүрүп жатат", - дешти өлкөнүн башкы аба майданынан.

Эске салсак, кечээ социалдык тармактарда аба майданды жамгырдан улам суу каптап кеткен видео тараган.

Пикир

Оставить комментарий