• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы авиация жаатындагы кызматташтык кеңейтилет

Коом 0

Бишкек, 07.07.23./Кабар/. Париж шаарында Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча "Airbus" компаниясынын вице-президенти Жак Гаригью менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу авиация жаатындагы кыргыз-француз эки тараптуу кызматташтыгын активдештирүү максатында кыргыз тараптын демилгеси менен өттү.

Элчи Шер-Нияз "Airbus" компаниясы менен активдүү кызматташуунун башталышы, мурда сатылып алынган тик учактарды пайдалануу тажрыйбасы тууралуу канааттануу менен белгиледи.

Муну менен Франциянын авиация тармагындагы тажрыйбасын жана жетишкендиктерин эске алуу менен элчи кызматташтыкты кеңейтүү сунушун киргизди. Атап айтканда, Кыргызстандын тоолуу жерлеринде учууларды ишке ашыруу үчүн орто класстагы авиациялык кемелерди сатып алуу, ошондой эле чек ара аймактарына мониторинг жүргүзүү, тоо сууларынын нугун өзгөртүү жана Кыргызстандын аймагында айыл чарба жерлерин сарамжалдуу пайдалануу үчүн "Airbus" компаниясынын космостук спутнигинин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча сунуштар айтылды.

Өз кезегинде, вице-президент Жак Гаригью "Airbus" компаниясы тарабынан “А220” классындагы авиабортту пайдалануу практикасы жана кыска аралыкка өлкө ичинде учууларды жүзөгө ашыруу үчүн сыйымдуулугу 90 адамга чейин жана турбо пропеллер менен жабдылган "ATR-72" классындагы авиабортторду берүү боюнча элчинин сунушун оң жагына кароого даяр экендиги тууралуу маалымдады. Спутникти пайдалануу жаатында каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери жана варианттары талкууланды.

Тараптар ошондой эле "Airbus" компаниясынын региондогу Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу боюнча пикир алмашты жана жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы авиация жаатындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий