• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сокулукта дайынсыз жоголгон 37 жаштагы Айбек Нурсейитов изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1984-жылы туулган Нурсейитов Айбек Козубековичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 26-апрелинде Сокулук айылынын Луговая көчөсундө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170-175 см, арыкчырай дене түзүлүштө, кара-тору, чачы кара кыска, көзү кара.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү чыптама (безрукавка), узун жеңдүү агыш кофта, кара түстөгү шым, кара түстөгү спорттук бут кийим, саргыч боз түстөгү жайкы баш кийим.

«Айбек Нурсейитовдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий