• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ишкерди уурдоого шектелип үч жигит кармалды. Алар өздөрүн күч түзүмүнүн кызматкери катары тааныштырышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Ишкерлик менен алектенген 46 жаштагы жаранды уурдоого шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 22-июнунда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкектин тургуну арыз менен кайрылып, тууганын кечинде белгисиз адамдар күч колдонуп, BMW X-5 үлгүсүндөгү унаага салып кетишкендигин билдирген. Туугандары уурдалган жаран ишкерлик менен алектенип жүргөнүн айтышкан.

Топтолгон документтердин негизинде 23-июнда Сокулук РИИБи тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, белгисиз бирөөлөр көчөдө келе жаткан ишкерге өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкери катары тааныштырышып, алдоо жолу менен унаага салып кетишкен.

Туугандары бир нерседен шектенип, милицияга кайрылышкан. Адам уурдоого катышкан адамдардын жашаган жерин аныктоо максатында бир катар комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Тергөө иштерине ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери да тартылган.

Видеобайкоо камераларынын жардамы менен унаанын мамлекеттик номуру аныкталган. Маалым болгондой, бул чет элдик унаа бир жума мурда башка адамдарга сатылып кеткен.

Бир катар РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүлөр изин жашырып кеткен унааны издеп жатышкан, бирок, болжол менен алар Ош тарапка кеткенин аныкташкан. Буга байланыштуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерин тез арада Ош облусуна жөнөтүү иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн унаанын изине түшүүгө үлгүрүшкөн.

Милиция кызматкерлерине шектүүлөрдүн жүргөн жерин тактоо үчүн бир күнгө жакын убакыт кетип, алар Ноокат районунун аймагынан табылган.

“БМВ Х-5” үлгүсүндөгү унааны издөө багыттамасы ички иштер органдарынын бардык аймактык бөлүмдөрүнө берилген. Жергиликтүү милиция кызматкерлери конуштардын биринен шектүү унааны байкашкан. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Сокулук районунун 46 жаштагы жашоочусун табууга мүмкүн болгон.

Шектүүлөр жана уурдалган жаран турган үйгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлери киришкен. Алынган маалыматка караганда, ишкерди уурдоо акча каражатын талап кылуу максатында уюштурулган.

Кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.Б., 2000-жылы туулган А.уулу К. жана 2000-жылы туулган Б.уулу Ш. өздүгү такталып, кармалган. Бардыгы Ноокат районунда туулуп өскөн Бишкек шаарынын тургундары болушат.

Кылмыштын бетин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын, Ноокат райондук ИИБдин, Чүй облустук ИИББнын жана Сокулук райондук ИИБдин кызматкерлеринин биргелешкен аракеттери менен ачылган.

Учурда соттун чечими менен кармалгандардын бардыгы эки айлык мөөнөткө камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий