• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте бир жумада 3,5 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 8нен 14-октябрга чейинки аралыкта 3 миң 510 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 51;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 8;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 42;

- жасалма мамлекеттик номур менен автоунаа башкаруу - 1;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар - 40;

- башка жол эрежелерин бузуулар -3 377. Ал эми ар кандай эреже бузган 434 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий